Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 19-1

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Төө-Моюн айылдык округу тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2023-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Тѳѳ-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Төө-Моюн айылдык округунун 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше булактары жана чыгашанын каржылоого каражаттар №1-тиркемеге ылайык 33868,3 сомго белгиленсин.

 

2. Төө-Моюн айылдык округунун 2023-2024-2025 -жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын. 2023-2024-2025-жылдарга Республикалык бюджетинин берилүүчү теңдѳѳчү грантын болжолу 2023-жылга 14996,0 миң сом,2024-жылга 14996,0 миң сом. 2025-жылга 14996,0 миң сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын.

 

3. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга, социалдык фондуна, тамактануу жана жеңилдиктерге) ошондой эле комуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн. Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтырылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн каржы бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.

 

4. Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтү тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу: ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгѳ:

-кирешелердин болжолдогондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кѳбѳйтүүнү карап чыгууга:

-киргизилген ѳзгѳртүүлѳр Тѳѳ-Моюн айылдык кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.

5. Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлѳр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 100 % жана Роялти боюнча 50,0 % ѳлчѳмүнде жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патентерден түшүүчү киреше, ФПС тин аренда акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100 % ѳлчѳмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.

6. Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдѳр жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн №14152200 «Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдѳр» беренесине толугу менен чегерилсин.

7. Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдѳрдүн 3/2 бѳлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айылдык аймагынын социалдык маселелерин чечүү үчүн жумшалсын.

8. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Жеке-Мисте жана Достук -1, Найман жана Ынтымак айылдарына -1, Жаштык жана Сырт айылдарына -1, Керкидан жана Эсенбай айылдарына -1, Авиз айылына -1, Сары-Таш айылына -1 бардыгы болуп 6 айыл башчы белгиленсин.

9. Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратын кыш мезгилинде жылытуу үчүн от жагуучу 2 кишиге контракттык келишимдин негизинде айлык акы төлөп берилсин.

10. Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн 22154900 статьясынын эсебинен жергиликтүү кеңештин мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин тѳрагасына ар бир сессиянын ѳткѳрүлгѳнүнѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын бир күндүк эмгек акысы ѳлчѳмүндѳ акы тѳлѳп берүү белгиленсин. Сессиянын чечимдерин юстициядан каттоо үчүн ар бир ѳткѳрүлгѳн сессиянын документтерине 300 сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.

11. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовко жүктѳлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин

19 сессиясынын № 19-1 токтомуна

№ 1 тиркеме

 

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин планы жана 2024-2025-жылдарга божомолду:

 

КИРЕШЕЛЕР:

 

Кирешенин аталышы

2023-ж

2024-ж

2025-ж

Киреше салыгы (подоход налог)

13726,0

18530,0

19401,0

 

Бирдиктүү салык

0,0

0,0

0,0

Мажбурлоо патенти

0,0

0,0

0,0

Ыктыярдуу патент

241,0

241

241,0

Кыймылсыз мүлк салыгы

48,2

48,2

48,2

Транспорт салыгы

1060,0

1060,0

1060,0

Физикалык тараптардын жер салыгы

220,4

220,4

220,4

Юридикалык тараптардын жер салыгы

0,0

0,0

1679,0

Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы

500,0

500,0

500,0

Жер асты байлыктарын пайдалануу укугуна лицензия кармоо

100,0

100,0

100,0

Калктуу конуштардагы жерлердин арендасы

40,0

40,0

40,0

Жайлоо жерлеринин арендасы

213,1

213,1

213,1

ФПС жерлеринин аренда акысы

646,6

646,6

646,6

Таштандыларды ташуу төлөмү

52,0

52,0

52,0

Атайын каражаттар

2000,0

2000,0

2000,0

Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу

25,0

25,0

25,0

Теңдештирүүчү грант

14996,0

14996,0

14996,0

Бардыгы:

33868,3

38672,3

41222,3