ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2023-жылдын 4-сентябры № 51
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 жарлыгын колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 жарлыгы менен таанышып карап чыгып жана колдоо максатында Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 жарлыгы колдоого алынсын.
2. Октябрь айыл аймагына Кара-Жал айыл аймагы кошулуушуна макулдук берилет.
3.Октябрь айыл аймагы Алтын-Арашан айыл аймагы деп өзгөрүүсү сунушталышы Октябрь айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаевге милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеңештин төраганын орун басары И.Тогузбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |