Октябрь айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин
2023-жылдын 4-сентябрындагы № 52
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2023-жылдын 15-июну № 47
Жер тилкесин жеке менчике берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Асаналиева Кыял Айбашовна № 500 контурундагы 0,20 га жер тилкесин мал сарай үйү менен салууга жеке менчике чыгарып берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат:
1.Октябрь айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Асаналиева Кыял Айбашовна № 500 контурундагы 0,20 га жер тилкесин мал сарай үйү менен салууга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |