КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII-чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясы
2023-жылдын 12-сентябры № 36/2
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 11.08.2023ж. №34/7 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мериянын 12.09.2023-жылдагы № 1-12/1300 катын негизинде жаңы мамлеккетик архивдин имаратын курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө муниципалдык менчиктеги эски ККП кызматтык имаратты ээлеп турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүнү карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезексиз XXXVI -сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык жер комиссиясынын сунушунун негизинде жаңы мамлекеттик архивин курууга Тавалдыев №14 (мурунку Мира 14) көчөсүндө жайгашкан эски ККП кызматтык имаратты ээлеп турган 0,14га муниципалдык жер аянтынан 463 кв.метр жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга жана жаңы шаардык мамлекеттик архивнин имаратын куруу үчүн бекитип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси Ж.Эргашевге жана Көк-Жаңгак шаарынын мамлекеттик архивинин башчысы С.Латыповага жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |