КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII-чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясы
2023-жылдын 12-сентябры № 36/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 05.09.2023ж. №1-12/1277 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 05.09.2023-жылдагы № 1-12/1277 катынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2009-жылы чыгарылган “Тайота-Карола” жана 2012-жылы чыгарылган “Тайота-Карола” маркасындагы автоунааларын өткөрүп берүүнү карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезексиз XXХVI -сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2009-жылы чыгарылган №RKLBZ42E7A7502417 “Тайота-Карола” жана 2012-жылы чыгарылган №RKLBV42EC4445458 “Тайота-Карола” маркасындагы автоунааларын алууга макулдук берилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттик каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу, автотранспорт каражатын шаардык мэриясынын балансына алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарынан каттоону өткөзүү жана тиешелүү иш кагаздарын тактоо, кабыл алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси Г.Мамасадыковага жүктөлсүн.
3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси Ж.Эргашевге жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын башкы эсепчиси Г.Мамасадыковага жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |