Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 2

Бирдик айылынын тургуну Мандыбаева Ранонун 23.05.2023-жылдагы арызын кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин агарардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин агарардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

2. Бирдик айылынын тургуну Мандыбаева Ранонун 23.05.2023-жылдагы жазган арызында, Бирдик айылындагы коммуналдык менчикте турган 0,10 га жер аянтын уулу Макмутжан уулу Мурадылга КР мыйзамдарына ылайык менчиктештирип берүү жагы айыл окмотунун башчысы К. Еркуловго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы (А.Мыктаров) милдеттендирилсин.

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары

 

 

Ж. Мисирова