КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 16/1
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы №12 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы №12 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы №12 протоколдук чечими бекитилсин.
2. Ленин көчөсүнүн төрт жеринде орун алган жер астындагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жылдырууга 400,0 миң сом, түрткү берүүчү грант эсебинен Ленин атындагы орто мектебине 21 көздүү ажааткана куруу үчүн техника менен казуу учурунда үзүлгөн жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын кайра калыбына келтирүү үчүн 400,0 миң сом акча каражатын жеңилдиктер эсебинен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин имараттар жана курулуштар беренесине жылдырууга уруксат берилсин, 9 айдын жыйынтыгы менен өткөрүлүүчү кезектеги сессияда үнөм акча каражаты болсо ордуна коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын м.а. |
В.А.Орозмаматова |