ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 29-июну № 17-1
Айыл аймагындагы Кеңеш-2 орто мектебине Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын ардактуу академиги маркум Келдибай Алымкуловдун ысымын кою жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн “Кеңеш” айылынын тургундарынын 2023-жылдын 23-майындагы жалпы чогулушунун токтомуна жана Кеңеш -2 орто мектебинин 2023-жылдын 26-майындагы педогогикалык кеңешинин №7 токтомуна негиз
Токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы Кеңеш-2 орто мектебине Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын ардактуу академиги, маркум Келдибай Алымкуловдун ысымы коюлсун.
2. Мектептин атын өзгөртүүгө тийиштүү документерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Ноокат райондук мамлекеттик админстрасиясынан тиешелүү жогорку органдар менен биргеликте мектептин атын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдулук мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
З. Жороев |