Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 29-июну № 17-5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ыңгайсыз болгон калктуу конуштарга жакын жайгашкан өздөштүрүү багытында келишимдин негизинде ижарага берилген жерлерин келишимдерин жаңылоо, ижара акысы жөнүндө

Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматов 2023-жылдын 29-июнунда №01-34/384 сандуу сунуш каты менен айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарга жакын жайгашкан жер тилкелерин өздөштүрүү багытында келишимдин негизинде элге ижарага берген. 105 га жердин ижара мөөнөтү узартуу, ижара акысын кайрадан карап чыгуу сунушу менен кайрылган жогорудагы сунушту канаттандыруу максатында

 

Токтом кылат

 

1.  Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовдун 2023-жылдын 29-июнундагы №01-34/384 сандуу катында көрсөтүлгөн мөөнөтүн узартууга жана ижара акыларын кайрадан кароо сунушу канатандырылсын.

2.  Калктуу конуштарга жайгашкан өздөштүрүү багытындагы келишимдин негизинде ижарага берилген 105 га жер аянтынын ижара акысы 1 га жер үчүн 10000 (он миң) сом төлөөгө макулдук берилсин.

3.  Ижара акыдан жыйналган акча каражатын мыйзамдуу, өз багытында кирешелөө жана чыгашалоону камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “ Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык

кеңештин төрагасы

 

З.Жороев