ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 8
Алма айылынын тургуну Дөөлөтбаева Назгүлдүн 17.07.2023-жылдагы арызын кароо
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн тургуну Дөөлөтбаева Назгүлдүн 17.07.2022жылдагы арызын негизинде анын кайнисиңдиси Сайпидинова Үпөл аккан оорусуна чалдыккандыгына байланыштуу анын дарылануусу үчүн Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10000 (он миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Мисирова |