ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 10
Бирдик айылынын тургуну Жолдошева Берметтин 06.07.2023-жылдагы арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин агарардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин агарардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Бирдик айылынын тургуну Жолдошева Берметтин 06.07.2023-жылдагы арызындагы Бирдик айылынын Достук көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин менчиктештирүү жагы КРнын мыйзамына ылайык каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К. Еркуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр,экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А. Мыктаров)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Мисирова |