Редакцияот 27.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 16-сессиясы

2022-жылдын 27-декабры № 118

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси жокко чыккандыгына жана 2020-жылдын 15-июль айында №193 токтом менен түзүлгөн комиссия курамынын 50% алмашкандыгына байланыштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссия курамын кайра карап чыгып, талкуулап жаны курам түзүү боюнча

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси жокко чыккандыгына жана 2020-жылдын 15-июль айында №193 токтом менен түзүлгөн комиссия курамынын 50% алмашкандыгына байланыштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссия курамы төмөндөгү курамда кайра, жаны түзүлсүн:

 

-  Ж.Кыдыев-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-комиссиянын төрагасы.

-  Н.Бакчиев-айыл өкмөтүнүн жер адиси-комиссиянын катчысы.

-  Н.Тулебаев-айыл өкмөтүнө караштуу “Агрозооветсервис” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.

-  К.Давлетбаков-айыл өкмөтүнө караштуу “Жарык” МИ инженери- комиссиянын мүчөсү.

-  Ж.Асаналиев-айылдык кеңешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  Г.Жаанбаева-айылдык кеңешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  А.Акунов-Жети-Өгүз райондук архитектура башкармалыгынын архитектору-комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  К.Турсунбаев-Жети-Өгүз РИИБдин КККнын ага МУУ милициянын капитаны- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  А.Адылбеков-Кызыл-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  Л.Курманкожоева- Кызыл-Суу айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  Б. Омүралиев-Кызыл-Суу айыл аймагынын жаштар кеңешинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү макулдашуу менен.

-  Т.Сулайманов- “Кызыл-Суу суу канал” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.

-  Р.Кенебаев- Кызыл-Суу “Тазалык” МИ жетекчиси-комиссиянын мүчөсү.

-  К.Джакешов- айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси-комиссиянын мүчөсү.

-  Б.Джылчиев-айыл өкмөтүнүн аскердик стол инспектору- комиссиянын мүчөсү.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Г.Чыныбаева