Редакцияот 31.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 31-майы № 6                                          

«Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү» жобого ылайык Шарк айыл аймагындагы Падаван, Маданият айылдарында курулган курулуштардын ээлеген жер аянттарын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жер укуктук мамилелерин жөңгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү» жобого  ылайык Шарк айыл аймагындагы Маданият  айылында мунапыска кирип, ээлеген жер аянты 0,08 га жана Падаван айылындагы мамлекеттик актысында көрсөтүлгөн Жумабаева Ч. 0,10 га,  Дженбеков И. 0,06 га ээлеген жер аянттарын бекитүү максатында, Шарк айылдык кеңеши  

 

Токтом кылат

 

1. Кыргыз Республикасынын «Жер укуктук мамилелерин жөңгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү» жобого ылайык Шарк айыл аймагында курулуп калган курулуштардын жер аянттары Маданият айылы 0,08 га,  Падаван айылынын тургундары Жумабаева Ч. 0,10 га жана Дженбеков И. 0,06 га мамлекеттик актысында көрсөтүлгөн жер аянттарын бекитүүга сунуш берет;

2. Бул токтомдун аткарылышы Шарк айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистерге жүктөлсүн;

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов