КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 17-сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 148
Жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт акысын жана мал багуу боюнча бааларын бекит жөнүндө
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн коомдук угууда малчылардын жана тургундардын жайыт акысы жана мал багуу боюнча бааларды бекитүүдө ой-пикирлерин карап чыгып, талкуулап, айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Малчылардын 2023-жылга жайыт акысына төлөнүүчү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Уй багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн | -60 сом |
б) Жылкы багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн | -60 сом |
в) Кой, эчки багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн | -12 сом |
г) Бадага жайыт пайдалангандыгы үчүн | -60 сом |
2.Малчылардын 1 айга элден алынуучу эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Уй баккан акы үчүн | -400 сом |
б) Жылкы баккан акы үчүн | -400 сом |
в) Кой, эчки баккан акы үчүн | -70 сом |
г) Элдин уйларын баккан бадага | -400 сом |
3.Малчылар 2023-жылдын 1-апрель айынан баштап жакынкы жайлоолорго көчүрүлсүн. Кашарларда эки баш саан уй, бир баш жылкыдан ашык мал калтырылбасын. Кой, эчкилер купкага салынгандан кийин алыскы Сырт өрөөнүнө 15-июль айына чейин көчүрүлсүн.
4.Токтомдун 3-бөлүмүнүн талаптарын аткарбаган КР жарандарына КР “Бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык айып пул салуу жана алар боюнча иш алып баруу жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар комиссиясынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы М. Маданбековго тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы: |
Г.Чыныбаева |