КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 156
“СПК Юматова” нын элге натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында муниципалдык менчике өткөрүү жөнүндө
Агрозооветсервис муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Түлөбаевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Агрозооветсервис муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Түлөбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.СПК Юматованын мүчөлөрү менен кайрадан жыйналыш өткөрүп муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүү жагы Н.Түлөбаевге жана айылдык кеңешинин депутаты Т.Сулаимбековго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Г Чыныбаева |