Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы

2023-жылдын 28-апрели № 52 а

Ак-Жар айыл аймагындагы таштандыларды топтоо нормаларын жана катуу тиричилик калдыктарын жыйноонун жана ташып чыгаруунун тарифтерин бекитүү жөнүндө

Ак-Жар айыл аймагындагы тазалыкты сактоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштарын угуп, Ак-Жар айылдык кеңешинин Х сессиясында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ак-Жар айыл аймагынын таштандыларды топтоо нормалары жана катуу таштандыларды жыйноо, ташып чыгаруу жана чыгаруу тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет 1 барак)

 

2.  Айыл өкмөт башчысы К. Максутов:

1)  Жеке жана юридикалык жактар ​​менен катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча келишимдерге таштандыларды топтоо нормаларын жана тарифтерин киргизүүнү камсыз кылуу;

2)  Жеке жана юридикалык жактардан тарифтерди алууну/жыйноону/төлөнүүсүнүн толуктугун камсыз кылуу.

3)  Калктын жана юридикалык жактардын арасында катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн таштандылардын топтоо нормаларын жана тарифтерин киргизүү боюнча кеңири маалыматтык кампанияны жүргүзүү;

 

3.  Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын, 28-апрелиндеги №52-а токтому Ош областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Турдали у. К

 

“ БЕКИТЕМИН”

Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы

Турдали уулу Кубанычбек_________

28-апрель, 2023-жылдын № 52-а

Ак-Жар айылдык кеңешинин токтомуна

 

ТИРКЕМЕ

 

Ак-Жар айыл аймагынын аймагындагы таштандыларды топтоо нормалары жана катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтер.

 

№

Аталышы

Таштандыларды топтоо нормасы (кг/ай)

1 кг баасы

(сом/кг)

Тариф

1

Физикалык жактар (жеке адамдар)

8,6

1,9

16,34сом/адам

1түтүнгө 115сом

2

Мектеп окуучулары

5

1,9

9,50 сом/адам

3

Балдар бакчасы

4

1,9

7,60 сом/адам

4

Дүкөн

2 кг/м.кв

1,9

3,8 сом/м.кв

5

Чайкана

12м2

1,9

22,8 сом/м.кв.