АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 52 б
Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө
“Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү тууралуу.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын мал чарбачылыгын өнүктүрүү чаралары жөнүндө сунушу боюнча Ак-Жар айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет 2 барак )
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
3. Ак-Жар айыл кеңешинин 2023-жылдын, 28-апрель № 52-б токтому Ош областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Турдали у. К. |
Ак-Жар айыл кеңешинин 2023-жылдын, 28-апрель № 52-б токтомуна Тиркеме |
Жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып
чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча
кызматтардын/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
Кызматтар | ||
1.1. | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын жетекчиси Жакыпов Сейитбек |
1.2. | Курулуш таштандыларын чыгаруу | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын жетекчиси Жакыпов Сейитбек |
Функциялар | ||
2.1. | Айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Токтосунова |
2.2. | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын эсепчиси |
2.3. | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын эсепчиси |
2.4. | ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.5. | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын жетекчиси Жакыпов Сейитбек |
2.6. | ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо | “Тилекматов Токтосун Ата-Таза-Суу” муниципалдык ишкананын жетекчиси жана эсепчиси Жакыпов Сейитбек |
2.7. | ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.8. | ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.9. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.10. | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Милдеттенмелер | ||
3.1. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
3.2. | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |