АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 53 б
Ак-Жар айыл өкмөтүндө малды идентификациялоо жана эмдөө үчүн раскол куруу жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана жайыт мыйзамдарына ылайык Ак-Жар,Какыр айылдарынын кара малдарын жана майда жандыктарын идентификациялоо (малга бирка тагуу, жылкыга чип салуу) жана ар кандай жугуштуу ылаңдардан эмдөө үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси А.Турдуманбетовтун сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндө Ак-Жар,Какыр айылдарынын кара малдарын жана майда жандыктарын идентификациялоо (малга бирка тагуу, жылкыга чип салуу) жана ар кандай жугуштуу ылаңдардан эмдөө үчүн сметалык баасы 350 (Уч жүз элүү) миң сомдук раскол куруу долбоорун жайыт комитетинин 2023- жылдагы бюджетинен каржылануусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Турдали у.К. |