Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2023-жылдын 28-апрели № 57

Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылына бала-бакча курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ак-Жар айылдык кеңеши Какыр айылында бала-бакча куруу суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, маселени угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында 75 оорундуу бала-бакча курууга №37- контурунан 0,25 га жер тилкесин бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Максутовго сунушталсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Турдали у. К.