АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 60
Большевик айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2023-жылдын 5- февралындагы Большевик айылынын түштүк тарабынындагы жаны чектин биринчи көчөсүнүн көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
Токтом кылат
1. Большевик айылынын түштүк тарабындагы жаңы чектеги Жаанбаев Акжолдон, Канботоев Мундузга чейинки көчөсүнө, көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде маркум Джээнбеков Тобокелдин наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “Джээнбеков Тобокел атындагы көчө” деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын,иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Маркум Джээнбеков Тобокелдин уул-кыздарына крстөмө такталарды илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали улуу К. |