АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 60 а
Большевик айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2023-жылдын 13- апрелиндеги Большевик айылынын жалпы жамаатынын чогулушунун протоколун талкуулап
Токтом кылат
1. Большевик айылынын түштүк тарабындагы жаңы мектептен жаңы жайга чейинки жолго, айыл жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде маркум Эдилбеков Темирбек Сатаровичтин наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “Эдилбеков Темирбек атындагы көчө” деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын,иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Маркум Эдилбеков Темирбектин уул-кыздарына крстөмө такталарды илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали улуу К |