Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы

2023-жылдын 28-апрели № 60 в

Большевик айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө

Ак-Жар айылдык кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2023-жылдын 8- апрелиндеги Большевик айылынын батыш тарабынындагы жаны чектин экинчи көчөсүнүн көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап

 

Токтом кылат

 

1. Большевик айылынын батыш тарабындагы жаңы чектеги экинчи көчөсүнө, көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде маркум Көчөров Токтордун наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “Көчөров Токтор ажы”атындагы көчө деп аталсын.

 

2. Ак-Жар айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын,иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

3. Маркум Көчөров Токтордун уул-кыздарына көрстөмө такталарды илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Турдали улуу К