АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 61
Большевик айылындагы З.Шергазиев көчөсүнүн жашоочуларынын арызы жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамына ылайык Большевик айылындагы З.Шергазиев көчөсүнүн жашоочуларынын арызын карап талкуулап
Токтом кылат
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын З.Шергазиев көчөсүндөгү жашоочуларга, электр жеткирүүнү сапаттуу тейлөө үчүн электр мамычалары жана аба чубалгылары Өзгөн РЭТ ишканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде карап документтерди даярдоо жагы өкмөт башчы К.Максутовко сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали улуу К. |