АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 62
« Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат- сый көрсөтүү,даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген .Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовтун сунушун угуп талкуулап
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылында туулуп өскөн Акматалиев Медербек Исабековичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин.
“Акматалиев Медербек Исабекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
2. Какыр айылынын тургуну Акматалиев Медербек Исабековичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы,Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Турдали улуу К. |