Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы

2023-жылдын 28-апрели № 63

Ак-Жар айылынын тургуну С.Жаныбаеванын арызы жөнүндө

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын отурумунда киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Ак-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ак-Жар айылынын тургуну С. Жаныбаеванын арызынын негизинде А.Ташбаев көчөсүнүн тургуну С Жаныбаеванын үйүнө “Токтосун Ата” бала бакчасын ачууга уруксат берилсин.

 

2.  Жеке турак жай ээлеген жалпы аянты 800,0 кв м. жер тилкенин максаттык багыты жана турак-жайдын максаттык багыты бала бакчага өзгөртүлсүн.

 

3.  Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.

 

Төрага

Турдали у. К.