Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы

2023-жылдын 28-апрели № 64

“Альфа- Телеком” ЖАК компаниясына мобилдик телефон чагылдыргычын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы №21 Сатыбалды у. Жолдош атындагы орто мектебинен “Альфа-Телеком” компаниясынын телефон чагылдыргыч антенасын курууга жер бөлүп берүү максатында

 

Токтом кылат

 

1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы №21 Сатыбалды у. Жолдош атындагы орто мектебинен “Альфа-Телеком” компаниясынын телефон чагылдыргыч антенасын курууга аталган мектептин чыгыш тарабынан 25,0 чарчы метр жер тилкеси мөөнөттүү келишим негизинде чектелип берилсин.

 

2. Жогорудагы аты аталган жерге тиешелүү документтерин бүтуруп берүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовко сунушталсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Турдали улуу К.