Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XI сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 69 а

Ак-Жар айылды кенеши КР бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ак-Жар айыл өкмөтү 2023-жылдын жети айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгына 300,0 сомго, атайын каражатына (ата-энелердин төлөмү) 288,0 миң сомго кошумча план жеткирилсин.

 

2.  Кошумча план жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 138,0 миң сом, 2224 беренесине 60,0 миң сом жана 2222 беренесине 102,0 миң сом, 2218 беренесине атайын каражатка ( ата- энелердин төлөмү) 288,0 сомго кошумча план алууга макулдук берилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Турдали у. К.