ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 2
Тамчы айыл Өкмөтүнүн юрист штатын коммуналдык чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис штатына которуп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекеттик сатып алуу штаты зарыл болуп жаткандыгына байланыштуу, юрист башкы адис штатын мамлекеттик сатып алуу башкы адис штатына которуп, юрист штатын коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис штатына которуп берүү жөнүндө маселе менен депутаттар таанышып, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн юрист башкы адис штатын коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис штатына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын МККнын Түндүк аймактык өкүлчүлүгү менен макулдашуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |