ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын XXVIII чакырылышынын Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 3
Тамчы айыл Аймагынын 2022-жылдын бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык Тамчы айыл Аймагынын 2022-жылдын бюджетин жана 2023-2024-жылдардын бюджетинин долбооруна карата жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Тамчы айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 26831,2 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1300,0 миң сом.
2.Тамчы айыл Аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 27324,2 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1300,0 миң сом.
3.Тамчы айыл Аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 27683,2 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1300,0 мин сом.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Рысалиева жана ФЭБнын башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Самат уулу А. |