ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 4
Тамчы айылынын башкы планы жөнүндө
Ысык-Көл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 15.01.2022 № 01-06/13 сандуу иш кагазынын негизинде Тамчы айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү үчүн Ысык-Көл шаар курулушу жаааана долборлоо институнун Ысык-Көлдөгү филиалына жасалган иш кагаздар жиберилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |