ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 6
Айыл аймактын жерлерин инвентаризациялоо жөнүндө
Айыл аймактын жерлерин инвентаризациялоо жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы бардык категориядагы жерлерди инвентаризациялап, тактоо максатында Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу, каттоо “Кадастр” башкармалыгы менен бирдикте тиешелүү иштерди алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |