Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

2022-жылдын 4-февралы № 20

“Тамчы Турак – жай Коммуналдык Чарбасы” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингке техника алуу жөнүндө

                 Айылдык кеңештин кезектеги сессиясындагы айыл – чарба техникасын алуу жөнүндөгү     Ысык– Көл райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Сагынаалиев Бексултан Сагынаалиевичтин маалыматын угуп, сунуштарын депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингке трактор “Белорус - 952,2” үлгүсүндөгү 14% жылдык төлөмү менен 6 жылга баасы 2 630 000 сом, сепкич шайманы менен (сеялка зерновая 28 рядов) 14% жылдык төлөмү менен 3 жылга баасы 950 000 миң сом, камсыздандыруусу менен Ысык – Көл өнүктүрүү фондунун кошумча каржылоосу менен Тамчы айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен техникалардын жалпы баасы 3 580 000 сом, 45 % - 1611000 сом каржылоосу менен лизингке алууга жана камсыздандыруу төлөмү менен.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Айыл Банк менен келишим түзүп, өздүк салым катары тиешелүү төлөмдөрүн төлөп туруу жагы Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

3. Тамчы айыл Өкмөтүнө караштуу “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасына айыл чарба техникасын алууда Тамчы айыл Өкмөтү “Айыл Банк” АКК алдында милдеттенмелерди аткарууда тилектештик - кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.

4. Тамчы айыл Өкмөтүнүн “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасынын техника алуу үчүн “Айыл Банк” АК лизинг катары алынуучу техниканы алууда “Айыл Банк” ААК менен келишимдерге кол коюуга жана башка лизинг катары техниканы алуудагы аракет/ бүтүмдөрдү аткарууга “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишкананын жетекчиси Б. Сагынаалиевке укук берилсин.

5. Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктин негизинде төлөө жагы Тамчы айыл Өкмөтү жана “Тамчы ТКЧ” муниципалдык ишканасы бирдей милдеттүү.

6. Токтомдордун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Айылдык Кеңештин финансы комитетине жүктөлсүн.

7. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага:

Самат уулу Арзымат