Редакцияот 17.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы

2022-жылдын 17-июну № 2

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

 Айыл аймагында таштандыларды таштоо жана көл жээгине автооунаалардын кирүүсүн көзөмөлдөө жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Тамчы айыл аймагынын көл жээктерине автоунаалардын кирүүсү үчүн төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:

-  Жеңил авто -100 сом

-  Бус -200 сом

-  Автобус -500 сом

 

2.  Таштандыларды таштагандыгы үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө айып пул өндүрүлсүн:

-  Жеңил араба -2000 сом

-  Жеңил унаанын прицеби -3000 сом

-  Чон жүк ташуучу унаа үчүн -5000 сом

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын Кош-Көл, Чырпыкты айыл башчыларына жүктөлсүн.

 

4.  Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага:

Э.А.Мамбетов