КЫЗАРТ БИРИКТИРИЛГЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызарт айыл аймагынын бириктирилген айылдык кеңешинин I-чакырылышынын II-кезектүү сессиясы
2023-жылдын 9-августу № 3/1
Кызарт айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сөң-Көл” муниципалдык ишканасынын уюштурулушуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун карап Кызарт айыл аймагынын бириктирилген айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кызарт айыл аймагынын бириктирилген айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кызарт айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сөң-Көл” муниципалдык ишканасынын уюштурулушуна макулдук берүү боюнча кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрайым | М.Акматалиева |