Редакцияот 06.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2023-жылдын 06-июну № 187

 

Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21- сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айылдык кенештин төрайымынын жана көпчүлүк депутаттарынын сунуштарын карап чыгып, талкуулар айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кабыл алынган токтомдун мааниси нормативдик талаптарга шайкеш келбегендиктен Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айылдык кенештин төрайымынын жана көпчүлүк депутаттарынын сунуштары эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 39-беренесинин 5 пунктуна ылайык, 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгарылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага милдетендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

Г. Чыныбаева