Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 05-июну № 28-27/3

 

Каракол шаардык Кенешинин, 2022-жылдын 9-ноябрындагы №28-19/5 токтомун жокко чыгаруу жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2023-жылдын 17-апрелиндеги, чыг:№01-16/1347 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы,

 

токтом кылат:

1. Каракол шаардык Кенешинин, 2022-жылдын 9-ноябрындагы №28-19/5 “Жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ” токтому жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Т.Ж.Акимканов