Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

 

 

2023-жылдын 15-августундагы № 19-9-2

 

“Горжилзеленстрой” мекемесинин чарбалык башкаруусундагы эскилиги жеткен муниципалдык транспорттук каражаттарын (атайын техникаларын) эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 15.08.2023-жылдын Чыг. № 01-14-405 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Горжилзеленстрой” мекемесинин директору Д.Истамбаевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2. “Горжилзеленстрой” мекемесинин чарбалык башкаруусундагы эскилиги жеткен 8-бирдик муниципалдык транспорттук каражаттарын (атайын техникаларын) эсептен чыгарууга макулдук берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык “Горжилзеленстрой” мекемесине тапшырылсын.

 

4. Ушул токтом  катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

Н. Бостонов