Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезексиз сессиясы

2023-жылдын 15-августу № 01

Спорт аянтчасын баланска алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамынын 34-беренесине, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 03.08.2023-ж №01-31а/98 катынын негизинде Бостери айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.Бактуу Долоноту айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасын Бостери айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

 2.Бостери айыл өкмөтүнүн балансына алынып жаткан кичи футбол аянтчасын кабыл алуу боюнча тиешелүү укук тастыктоочу документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.

 3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

М.Байтокова