Редакцияот 04.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХIX чакырылышынын кезексиз сессиясы

2023-жылдын 4-сентябры № 02

Бостери айыл аймагынын орто билим берүү мекемелеринин кайрылууларын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу Долоноту айылындагы Т.Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 03.09.2023-ж № 01, Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы мектеп гимназиясынын 03.09.2023-ж № 297, Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин 03.09.2023-ж № 01 жана Бостери айыл өкмөтүнүн 03.09.2023-ж № 49 кайрылуу каттарын карап, талкуулап чыгып Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу Долоноту айылындагы Т.Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жана Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы мектеп гимназиясынын жана Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин администрациясынын кайрылуулары колдоого алынсын.

2.Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу Долоноту айылындагы Т.Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жана Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы мектеп гимназиясынын жана Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин класс бөлмөлөрү санитардык нормага ылайык ачылсын.

3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Усубалиев