БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 15-августу № 03
“Бостери айыл аймагынын Аялдар кеңеши тууралуу” Жобону бекитүү жөнүндө
“Бостери айыл аймагынын Аялдар кеңеши жѳнүндѳ” Жобону бекитип берүү тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн 15.07.2023-ж №01-31а/89 катын карап чыгып, Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1.Бостери айыл аймагынын Аялдар кеңеши жѳнүндѳ” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1)
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Байтокова |