Редакцияот 22.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 16-отуруму

 

2022-жылдын 22-декабры № 16/4

2022-жылдын жыйынтыгы менен Корул айыл өкмөтүнүн жарандарын жана мекеме–ишканаларынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө

    Корул айылдык кеңешинин регламентине ылайык  айыл өкмөттүн  мекеме-ишканаларынын сунуштары менен таанышып, талкуулап  Корул айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Корул айыл өкмөтүнүн төмөндөгү  атуулдарына 2022-жылдын жыйынтыгына карата “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө” номинациялары  ыйгарылсын.

·         Маматумаров Каныбек Токтоматович жана анын жубайы

·         Карыбекова Гүлнаркан Ажимаматовнага  –“Үлгүлүү үй” номинациясы

·         Усенов Айтпай Апышович жана анын жубайы Жээнбаева Акмарал Сатыбаевнага- –“Үлгүлүү үй” номинациясы

·         Осмонов Айбек Жумабаевичке- “Үлгүлүү көчө” номинациясы

2.    2022-жылдын жыл жыйынтыгына карата айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө  кошкон салымдары жана өз кызматтарында жигердүү иш алып баргандыгы үчүн төмөндөгү айылдык кенештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын  кызматкерлери Корул айыл өкмөтүнүн жана Корул айылдык кеңешинин ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйлансын.

·         Алтымышов Рысбек Жадилбаевич-№45 М.Маназаров мектеби, кароолчу

·         Жетимишов Талант Суранчыевич-№ 45 М.Маназаров мектеби, мугалим

·         Сариева Бегаим Джаанбаевна- №27 Ж.Алимов мектеби, мугалим

·         Маданова Гүлзат Тынайбековна -№27 .Ж.Алимов мектеби.тазалоочу

·         Сарыгенеева Бактыгүл Чудушовна-№29 К.Тайчабаров мектеби, ашпозчу

·         Айтиева Махабат Маматжановна-№ 29 С.Шабырбекова бала бакчасы, ашпозчу

·         Мамрасул уулу Шатман-№ 29 К.Тайчабаров мектеби, мугалим

·         Халматова Азиза- №26 А.Бекташов мектеби ,тазалоочу

·         Акматалиева Аниса Камчыбековна- № 26 А.Бекташов мектеби,мугалим

·         Апылаева Рахат Долатбековна- №28 Ж.Орозов мектеби, мугалим

·         Ажмаматова Гүлжан-№33 А.Сулайманова бала бакчасы

·         Турдуев Калыкберди Конушович-Арал айылынын айыл башчысы

·         Курбанбаев Өмүрбек Борбоевич-Кең-Жылга айылынын айыл башчысы

·         Дайырбаев Момунжан Жолдошбаевич- айылдык кеңештин депутаты

·         Алмазбек уулу Бекмырза-айылдык кенештин депутаты

3.    Жогорудагы номинацияларды жана сыйлоо баракчаларын  даярдоо жагы  айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.

 

Корул айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Нажимидин уулу