Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын кезекстеги XII сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 3

“Айыл макамын берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын администациялык-аймактык түзулүшү тууралуу мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл участкасынын тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл участкасын Кызыл-Кыя айылынын Жаңы-Айыл участкасы деп атоо жагы жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.

 

2. Керектүү иш кагаздарын даярдап,Сузак райондук мамлекеттик администрацияга жөнөтү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.

 

3.  Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

5.   Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

Төрага

К.Т.Кушбаков