Редакцияот 27.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)

 

2022-жылдын 27-декабры № 95

 

Ош шаарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.Ташполотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.Ташполотовдун маалыматы эске алынсын.

 

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) коррупццияга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттерди күчөтүү тапшырылсын.

 

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С. Назылбеков