Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 26-июну № 24/2

Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2023-2025 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2023-2025 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планы менен таанышып угуп, талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2023-2025 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планы бекитилсин.

2.  Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2023-2025 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планын аткаруу,ишке ашыруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өз милдетиме калтырам.

 

Төрага

М.Чолпонкулов