Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 26-июну № 24/4

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу,Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин II-корпусун имаратынын багытын, бала бакчанын имаратынын багытына алмаштыруу жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,№4141 шайлоо округунан шайланып келген депутаттар:Э.Токоева,А.Кожобаева,Э.Эгинбаев,Т.Самудиновдордун маалыматын угуп жана сунушун эске алып талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу,Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин II-корпусун имаратынын багыты, бала бакчанын имаратынын багытына алмаштырылсын.

 

2.  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Касымовага документин бүтүрүп акча которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын,тийиштүү комиссия өз милдетине алсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов