КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 17-июлу № 25/2
Кум-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси М.Төлөнбековдун таза суу,таштанды чыгаруу,үлүш жер жана огородор үчун сугат сууларынын акысын бекитип берүү сунушу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде жана Кум-Дөбө айыл аймагында өтүлгөн элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө,Бугучу,Ак-Жар, Шамшы,Кара-Тоо,Арсы айылдарында таза суу,таштанды чыгаруу,үлүш жер жана огород сугат сууларынын акысы бирдиктүү тариф болуп төмөнкүдөй бекитилсин:
- Ичүүчү таза суу үчүн түтүн башына 100 сомдон ай сайын.
- Таштанды чыгаруу үчүн түтүн башына 150 сомдон ай сайын.
- Үлүш сугат суулары үчүн 350 сомдон 1га үчүн жыл сайын.
- Огород сугат суулары үчүн 12сомдон 1сотых үчүн жыл сайын.
2. Кум-Дөбө муниципалдык ишканасы жана суу пайдалануучу жана таштанды чыгаруучу”Абонент” ортосунда эки тараптуу келишим түзүү менен иш алынып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын тийиштүү комиссия өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |