КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 21-августу № 26/2
01.01.2023-жылга карата бош калган каражатты пайдаланууда өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Мааткалымовдун 01.01.2023-жылга карата бош калган каражатты өздөштүрүүдө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалыматын угуп, айылдык кеңештин экономика, бюджет жана салык боюнча туруктуу комиссиясын корутундусунун негизинде талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 01.01.2023-жылдагы бош калган каражатка төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр менен чыгымдоо статьяларына бөлүштүрүлсүн:
№ | Раздел | Чыгымдоо статьялары | |
Жыл башындагы 3111 | (өзгөртүүдөн кийин керектелүүчү сумма) | ||
1 | Акжар айылына бала бакчанын курулушуна (70921) | 3 154 608 | -Акжар айылына таза сууга насос алууга 250 000 сом (3112) |
2 | Шамшы айылына бала бакчанын курулушуна (70921) | 3 226 608 | -Шамшы айылынын кеңсесине кап.ремонтко 300 000сом (3111) |
3 | Кум-Дөбө айылына маданият үйүнүн курулушуна (70823) | 5 695 633,07 | -Бүбүкан апа бала бакчасынын.беседкасын курууга-100 000сом (3111) -Кум-Дөбө айылынын электр жабдууларына 246 760сом (3112) - Кум-Дөбө айылынын ГСВнын ограждение,брусчаткасына 40 000сом (3111) - Кум-Дөбө айылынын футбол аянтчасына,кошумча 841 000сом (3111) |
4 | Кум-Дөбө айылына маданият үйүнүн курулушуна | 5 695 633,07 | - Кочкор районунда өтүлүүчү Ормон Хандын 230 жылдык маарекесине ишин координациялоо боюнча уюштуруу иштерине 180000сом (2215) |
Архитектура,РЭС карата проектилердин иш кагаздарына Семиз Бел айылынын клубун куруу |
200 000 400 000 | -Кара-Тоо айылына ген.планга 90 000сом (2215) -Кара-Тоо айылына ички жайыттарына карта даярдоого 470 000сом (2215) |
2. Бош калган каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы КР Финансы министрлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана бухгалтер А.Касымовага милдеттендирилсин.
4.Көзөмөл кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана салык боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Чолпонкулов |