Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 22-1
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылындагы 736-контурундагы жайыт жеринин сел өтүүчү сайдан Ош-Раззаков автоунаа жолуна кум шагыл алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Ош - Баткен - Раззаков автожолунун 28-чакырымынан 34,5 чакырымына чейинки аралыкка кум шагыл төшөө максатында, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өсөр айылындагы 736-контурундагы жайыт жеринин сел өтүүчү сайдан Ош –Баткен - Раззаков автожолуна кум шагыл ташып алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |