Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 22-10

Т. Зулпуев айылдык кенешинин Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүлгөн иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча чаралары жөнүндөгү сунушун уккандан кийин, Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев айылдык кеңешинин Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат Көрсөтүлгөн иштердин, милдеттердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат Көрсөтүлгөн жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы камсыз кылсын.

3.  Т. Зулпуев айылдык кеңешинин 2023-жылдын №22-10 токтому облустук     юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү Т. Зулпуев айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

М. Бакиров

 

Т. Зулпуев айылдык кеңешинин

2023-жылдын 9-июнундагы

№22-10

токтомуна

Тиркеме

 

Т. Зулпуев айылдык кенешинин Жергиликтү маанидеги маселелерди чечүү

боюнча кызматтардын функциялардын, милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын функциянын милдеттин

аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1. Кызматтар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Функциялар

 

 

 

 

 

 

3. Милдеттенмелер