Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 22-12

“Райхон Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол акысына болгон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

“Райхон Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол акысына болгон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Х. Маткосимовдун 2023-жылдын 11-апрелиндеги №01-19/612 сандуу сураныч катын негизинде, 2023-жылдын 9-июнундагы айылдык кеңештин кезектеги 22-сессиясында карап Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Райхон Ноокат” ЖЧКсынын калкты тейлөөдөгү күндүзгү жана түнкү отургузуу үчүн (посадка) +25 сомдон, ал эми километрине 30 сомдон белгилөөгө макулдук берилсин.

2.  “Райхон Ноокат” ЖЧКсынын кызмат акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы Х.Маткосимовго жүктөлсүн.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

М. Бакиров